Экологиялык жактан таза отун колдонгон «Союз-2» ракетасы 2021-жылдан эрте эмес Восточныйдан учат

Отун катары жалаң нафтилди колдонгон биринчи "Союз-2" ракета учуруучу кемеси 2020-жылдан кийин Чыгыш космодромунан учурулат. Бул тууралуу РИА Новости интернет басылмасы "Прогресс" РККнын жетекчилигинин билдирүүсүнө таянып билдирди.

Экологиялык жактан таза отун колдонгон «Союз-2» ракетасы 2021-жылдан эрте эмес Восточныйдан учат

Нафтил – полимердик кошумчалар кошулган көмүр суутек отунунун экологиялык жактан таза түрү. Бул отунду керосиндин ордуна Союздун кыймылдаткычтарында колдонуу пландаштырылууда.

Нафтилди пайдалануу экологиялык кырдаалды жакшыр-тууга гана эмес, ошондой эле Жердин орбиталарынын бардык турлеруне пайдалуу жукторду чыгаруунун эффективдуулугун жогорулатат.

Маалымдалгандай, бардык баскычтардын кыймылдаткычтарында нафтилди колдонуу менен «Союз-2» ракетасынын биринчи учуруусу 2021-жылдан эрте эмес Восточныйдан ишке ашырылат. Белгилей кетүүчү нерсе, нафтил мурда Орусиянын жаңы космодромунан ракета учуруу учурунда колдонулган, бирок үчүнчү баскычтагы кыймылдаткычта гана колдонулган.

Экологиялык жактан таза отун колдонгон «Союз-2» ракетасы 2021-жылдан эрте эмес Восточныйдан учат

Ошол эле учурда, Роскосмос 2016-2018-жылдары ракеталык жана космостук технологияларды өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө билдирди. Маалым болгондой, 2016-жылы чыгарылган космостук аппараттардын, ракеталык аппараттардын жана жогорку баскычтардын жалпы саны 20 даана болгон. 2017-жылы 21 продукция өндүрүлгөн болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 26 даанага өскөн. 




Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу