Facebook 2020-жылы GlobalCoin криптовалютасын ишке киргизүүнү пландаштырууда

Тармак булактары Facebook келерки жылы өзүнүн криптовалютасын чыгарууну пландап жатканын кабарлады. 12 өлкөнү камтыган жаңы төлөм тармагы 2020-жылдын биринчи чейрегинен тарта ишке кирери маалымдалды. Ошондой эле GlobalCoin аттуу криптовалютаны тестирлөө 2019-жылдын аягында башталары белгилүү.

Facebook 2020-жылы GlobalCoin криптовалютасын ишке киргизүүнү пландаштырууда

Фейсбуктун пландары тууралуу кеңири маалымат ушул жайда пайда болушу күтүлүүдө. Учурда компания өкүлдөрү АКШнын Казыначылыгынын жана Англия банкынын өкүлдөрү менен кеңешип, жөнгө салуу маселелерин талкуулашууда. Акча которуучу компаниялар, анын ичинде Western Union менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул компаниянын банк эсеби жок кардарлар колдоно ала турган акчаны жөнөтүүнүн жеткиликтүү жана тез жолдорун издеп жатканын көрсөтүп турат.

Төлөм тармагын түзүү жана өзүнүн криптовалютасын ишке киргизүү долбоору Libra деп аталат. Анын ишке ашырылышы биринчи жолу былтыр декабрда жарыяланган. Жаңы төлөм системасы эл аралык валюталарды криптовалютага алмаштырууга мүмкүндүк берет. Алдыга коюлган милдеттерди аткара турган тиешелүү бирикме жакынкы аралыкта Швейцарияда уюштурулат.        

Эксперттер Фейсбуктун жаңы долбоору канчалык ийгиликтүү болушу мүмкүн дегенге макул эмес. Мисалы, Лондон экономика мектебинин изилдөөчүсү Гаррик Хилеман GlobalCoin түзүү долбоору криптовалюталардын кыска тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бири болуп калышы мүмкүн деп эсептейт. Айрым маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 30 миллионго жакын адам криптовалютаны колдонот.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу