Россияда жасалган: жаңы интерферометр оптикалык компоненттерди түзүүгө жардам берет

«Ростек» мамлекеттик корпорациясынын «Швабе» холдингинин Новосибирск ишканасы менен Россиянын Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн автоматика жана электрометрия институту биргелешип оптикалык тетиктердин өндүрүшүн көзөмөлдөө үчүн алдыңкы интерферометрди түзүүгө ниеттенүүдө.

Кеп жогорку тактыктагы санариптик өлчөөчү аппарат жөнүндө болуп жатат. Аппарат оптикалык тетиктерди чыгарган ишканаларда өндүрүштө колдонулат.

Россияда жасалган: жаңы интерферометр оптикалык компоненттерди түзүүгө жардам берет

«Жаңы интерферометрдин жардамы менен адистер линзалардын же оптикалык бөлүктөрдүн сфералык бетинин формасынын жана радиусунун тактыгын көзөмөлдөшөт. Иш жүзүндө бул продукцияны өндүрүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет жана өлчөө процессинен адам факторун олуттуу түрдө жок кылат», - дешет адистер.

Түзмөк үчүн оригиналдуу орусча программалык камсыздоо иштелип чыккан. Ал беттик форманын ийрилик маанисин эсептөө жана процессти автоматташтыруу үчүн иштелип чыккан.


Россияда жасалган: жаңы интерферометр оптикалык компоненттерди түзүүгө жардам берет

Жаңы буюмдун дагы бир өзгөчөлүгү анын аналогдорго салыштырмалуу төмөн баасы: баасы 30–45% аз болот. Бул атаандаштык артыкчылыктарды камсыз кылат.

Долбоордун алкагында «Швабе» холдингинин Новосибирск прибор жасоочу заводу техникалык жабдуулар менен камсыздап, жаңы интерферометрди чыгарууну колго алат. Россия илимдер академиясынын Сибирь белумунун автоматика жана электрометрия институту ез кезегинде теориялык белумду иштеп чыгат. 




Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу