Москва метросундагы видеокөзөмөл системасы күзгө чейин жүздөрдү тааный баштайт

Москванын мэри Сергей Собянин Орусиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын коллегиясынын кеңейтилген жыйынында борбор калаада видеокөзөмөл системасын өнүктүрүү тууралуу айтты.

Москва метросундагы видеокөзөмөл системасы күзгө чейин жүздөрдү тааный баштайт

Анын айтымында, өткөн жылы Москвада шаардык видеокөзөмөл системасынын негизинде жүзүн таануу технологиялары менен эксперименттер жүргүзүлгөн. Бул чечим жогорку эффективдуулукту керсетту, ошондуктан устубуздегу жылдын 1-январынан тартып аны ишке ашыруу массалык масштабда башталды.

Тактап айтканда, кадимки видеокамералар HD сапаттагы аппараттарга алмаштырылууда. Кошумчалай кетсек, жасалма интеллекттин жүзүн тааныган системалары дээрлик Орусиянын борборуна кошулуп жатат.

Белгиленгендей, былтыр Москвада жүздү таануу системасынын аркасында издөөдө жүргөн ондогон жарандарды кармоого мүмкүн болгон. Күздүн башталышы менен борбордун метросунда система иштей баштайт.

Москва метросундагы видеокөзөмөл системасы күзгө чейин жүздөрдү тааный баштайт

«1-сентябрга чейин бул система толугу менен метрого киргизилет. Бул эмнени билдирет? Бул метродо издөөдө жүргөндөр саналуу секунданын ичинде аныкталат дегенди билдирет», — деди Сергей Собянин.

Мындан тышкары, системанын негизинде видео-аналитикалык платформа жайгаштырылышы мүмкүн. Бул шаардагы кылмыштуулуктун очокторун дээрлик автоматтык түрдө аныктоого мүмкүндүк берет. 



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу