Жарнамалык эрежелерди бузган 600дөй тиркеме Google Play'ден өчүрүлдү
Google жарнама көрсөтүү эрежелерин бузган 600гө жакын тиркемени Google Play каталогунан алып салганын жарыялады. Көйгөйлүү программаларга Google AdMob жана Google Ad Manager жарнамалык кызматтарына кирүү да бөгөттөлгөн. Алып салуу негизинен колдонуучу үчүн күтүүсүз жарнамаларды көрсөткөн программаларга, жумушка тоскоол болгон жерлерде жана колдонуучу иштебей турган учурларда [...]