Xiaomi Mi Band 4 фитнес-браслети жандуу сүрөттөрдө пайда болду
Март айында кытайлык Xiaomi компаниясы жаңы муундагы фитнес-браслетти - Mi Band 4 түзмөгүн иштеп жатканы тууралуу маалымат пайда болгон, эми бул гаджет "жандуу" сүрөттөрдө байкалды. Интернет булактарына ылайык, сүрөттөрдүн булагы Тайвандын Улуттук байланыш комиссиясы (NCC) болгон. Көрүнүп тургандай, аппарат тик бурчтуу экранга ээ болот. Бул дисплейдин жанында сенсордук баскыч болот [...]