Стратосферага учурулган Samsung Galaxy S10 Plus аппараты Мичигандагы ферманын жанына кулап түштү.
Мичиган штатындагы аял фермасынын жанынан космостук спутник деп жаңылган аппаратты таап алды. Анда Samsung жана Түштүк Дакота штатында жайгашкан шар өндүрүүчү Raven Industries компанияларынын аттары жазылган, алардын кызматкерлери кулап түшкөн шарды алып кетүүгө келишкен. Маалым болгондой, бул Samsung SpaceSelfie долбоорунун аппараты болгон, аны түштүк кореялык компания өзүнүн урматына стратосферага шар менен учурган [...]