Европадагы суперкомпьютерлерге криптоминерлер кол салышкан
Ушул аптада Европа аймагындагы ар кайсы өлкөлөрдөн келген бир нече суперкомпьютерлер криптовалюталарды казуу үчүн зыяндуу программаларды жуктуруп алганы белгилүү болду. Мындай түрдөгү окуялар Улуу Британияда, Германияда, Швейцарияда жана Испанияда болгон. Кол салуу тууралуу биринчи билдирүү дүйшөмбү күнү ARCHER суперкомпьютери жайгашкан Эдинбург университетинен келди. Тиешелүү билдирүү жана колдонуучунун сырсөздөрүн өзгөртүү боюнча сунуш [...]