Европа Биримдиги кибер чабуулдарга каршы санкциялар менен жооп берет

Европа Биримдиги ири кибер чабуулдарга жооп катары санкцияларды киргизүү үчүн колдонула турган атайын механизмди түздү. Санкция саясаты киберчабуулдарга катышкан адамдарга, ошондой эле хакердик топторго демөөрчүлүк кылган же техникалык колдоо көрсөткөн тараптарга карата колдонулушу мүмкүн. Тиешелүү органдардын чечими менен Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салуу жана каржыны тоңдуруу түрүндөгү чектөө чаралары киргизилет. Мындай мамиле биримдикке мүчө мамлекеттердин хакердик чабуулдарга реакциясын тездетиши керек.

Европа Биримдиги кибер чабуулдарга каршы санкциялар менен жооп берет

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант бул кадамды “чечкиндүү чара” деп атады. Анын пикиринде, “душман актерлор” Европа Биримдигинин коопсуздугуна өтө көптөн бери коркунуч келтирип, маанилүү инфраструктураны талкалап, коммерциялык сырларды уурдоого жана негизги демократиялык принциптерди бузууга аракет кылып келишет. Белгилей кетсек, санкциялар хакердик чабуул аныкталганда гана эмес, ошондой эле мындай операцияны жасоо аракети жасалганда да колдонулушу мүмкүн.

Бир катар Европа өлкөлөрүнүн айтымында, Орусия менен Кытай Евробиримдиктин аймагында жайгашкан объектилерге киберчабуулдарды такай жасап турушат. Европа лидерлери 23-майдан 26-майга чейин өтүүчү биримдиктин парламентине шайлоого Орусия таасир берип жатканына тынчсызданышууда. Парламенттик шайлоо Орусия АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишти деп айыпталгандан берки биринчи шайлоо болмокчу. Жакында эле Fireeye россиялык хакерлер европалык мамлекеттик мекемелерди, ошондой эле немис жана француз медиасын бутага алганын жарыялаган.    



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу