Европанын Түштүк Обсерваториясы (ESO) ушул жылдын 2-июлунда болгон күндүн толук тутулуусунун укмуштуудай сүрөттөрүн тартуулады.
Күндүн толук тутулуусу ESOнун Чилидеги Ла Силла обсерваториясынан өттү. Бул астрономиялык окуя аталган обсерваториянын элүүнчү жылында болгондугу кызык - Ла Силла 1969-жылы ачылган.
Жергиликтуу Чили убактысы боюнча 16 саат 40 минутада Ай Күндү жаап койду: Чилинин түндүгүндөгү 150 километр тилкеде күндүн толук тутулушу байкалды. Тутулуунун жалпы фазасы эки мүнөткө жакын созулду.
Белгилей кетсек, Ла Силлада дүйнөдөгү эң өндүрүмдүү 4 метрлик класстагы эки телескоп бар. Бул 3,58 метрлик Жаңы Технология телескобу (NTT), ал бир убакта компьютер башкарган негизги күзгүсү (активдүү оптика) менен дүйнөдөгү биринчи телескоп болуп калды.
Экинчи аспап - бул ESOнун 3,6 метрлик телескобу, ал учурда дүйнөдөгү эң өнүккөн экзопланеталык аңчы HARPS аспабы менен бирге иштеп жатат.
Source: 3dnews.ru