Instagram социалдык тармагы
Жаңы продукт тууралуу маалыматты мобилдик тиркеме боюнча эксперт Джейн Вонг берип, ал жаңы мобилдик тиркеме интерфейсинин скриншотторун Твиттерде жарыялады. Эксперттин айтымында, бул функция колдонуучуларга посттун астындагы “Like” белгилеринин санына эмес, басылмага көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Бул мүмкүнчүлүк канчалык деңгээлде суроо-талап бар экенин айтуу кыйын. Бирок, бул жаңычылдык социалдык тармактын бардык маңызын өзгөртүшү мүмкүн. Анткени, көптөр так санын кууп жатышат.
Ошол эле маалда эксперттер "лайк" көрсөтүүнү токтотсо дагы, маңызы өзгөрбөйт деп эсептешет. Анткени, мындай баскыч жок болсо да, сизге жаккан басылмалардын негизинде алгоритмдик лентада билдирүүлөр пайда болот. Ошондой эле колдонуучулар комментарийлерге өтүшү мүмкүн.
Компания учурда бул функцияны колдонуучулардын тар чөйрөсүндө сынап жатканын айтты, бирок келечекте ал бардыгына жайылаарын жокко чыгарган жок. Белгилей кетчү нерсе, Android OS үчүн версия учурда гана сыноодон өтүп жатат. Бул функция жакында iPhone тиркемесинде пайда болот деп болжолдоого болот.
Буга чейин,
Source: 3dnews.ru