Кытай башка өлкөлөрдү Айды изилдөө долбооруна кошулууга чакырат

Кытай тарап Айды изилдөөгө багытталган өзүнүн долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул жолу бардык кызыкдар өлкөлөр Кытай илимпоздоруна кошулуп, Чанъэ-6 космостук аппаратынын миссиясын биргелешип ишке ашырууга чакырылган. Мындай билдирүүнү Кытайдын Ай программасынын жетекчисинин орун басары Лю Цзичжун долбоордун бет ачарында билдирди. Кызыкдар тараптардын сунуштары 2019-жылдын августуна чейин кабыл алынып, каралат.

Кытай башка өлкөлөрдү Айды изилдөө долбооруна кошулууга чакырат

Маалыматта Кытайдын Айды изилдөө иштерине жергиликтүү институттарды жана жеке компанияларды гана эмес, чет элдик уюмдарды да катышууга үндөп жатканы айтылат. Бул жакынкы төрт жылда ишке ашырыла турган долбоорго катышуу үчүн бардык кызыкдар тараптар кайрыла алат дегенди билдирет. Цзичжун мырза белгилегендей, космостук аппараттын Айдын бетине конуусунун так убактысы жана орду азырынча тактала элек.

Ошондой эле Чанъэ-6 аппараты 4 өзүнчө модулдан түзүлө турганы белгилүү болду. Кеп орбиталык самолет, атайын конуу модулу, Айдын бетинен учуп чыгуу модулу, ошондой эле кайтып келүүчү унаа жөнүндө болуп жатат. Космос кораблинин негизги милдети — автоматтык режимде Айдын топурагынын улгулерун жыйноо, ошондой эле материалдарды кийин Жерге жеткируу. Аппарат жердин орбитасын Айга алмаштыргандан кийин тандалган жерге конушу күтүлүүдө. Алдын ала эсептөөлөр орбитанын жана конуучу модулдун жүктөмү 10 килограммга жакын болоорун көрсөттү.          



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу