LG компаниясы Raindrop камерасы бар жаңы смартфондун дизайнын көрсөттү

Түштүк кореялык LG компаниясы келечекте компаниянын смартфондорунун дизайны кандай багытта өнүгүп кетери тууралуу түшүнүк берген бир нече эскиздерди жарыялады.

LG компаниясы Raindrop камерасы бар жаңы смартфондун дизайнын көрсөттү

Сүрөттөрдө көрсөтүлгөн аппарат минимализм стилинде жасалган. Ал кадрсыз дисплей менен жабдылган. Алдыңкы камера кандай дизайнга ээ болору азырынча белгисиз.

Бирок Raindrop арткы камерасы колдонула турганы белгилүү. Ал арткы панелдин жогорку сол бурчунда вертикалдуу тизилген үч оптикалык модулду жана жаркты камтыйт. Андан тышкары, эң чоң чыгып турган элемент үстүндө жайгашкан, андан кийин коргоочу айнек астына катылган кичирээк диаметрдеги модулдар бар.

LG компаниясы Raindrop камерасы бар жаңы смартфондун дизайнын көрсөттү

3D Arc Дизайн концепциясы колдонулган. Экран жана арткы панель дененин капталдарына симметриялуу бүктөлүп, жарашыктуу көрүнүштү жаратат.

Смартфондо көрүнүүчү манжа изинин сканери жок – сыягы, манжа изинин сенсору түздөн-түз дисплей аймагына интеграцияланат.

LG сүрөттөлгөн дизайндагы аппарат коммерциялык рынокто качан пайда болоорун айтпайт. Ушактарга караганда, мындай аппарат ушул жылдын жарымында дебют кылышы мүмкүн. 



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу