НАСА гигант астероидге зонд жөнөтүүнү карап жатат

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгы (НАСА) Паллас деп аталган чоң астероидди изилдөө боюнча Афина миссиясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат.

НАСА гигант астероидге зонд жөнөтүүнү карап жатат

Аталган объект 1802-жылы Генрих Вильгельм Олберс тарабынан ачылган. Негизги астероид алкагына кирген дененин узундугу болжол менен 512 км (плюс/минус 6 км) түзөт. Ошентип, бул астероид Вестадан (525,4 км) бир аз гана төмөн.

Палласта иликтөөнү баштоо чечими, интернет булактарына ылайык, апрелдин орто ченинде кабыл алынат. Кеп көлөмү боюнча муздаткыч менен салыштырууга боло турган салыштырмалуу компакттуу изилдөө аппаратын түзүү жөнүндө болуп жатат.

НАСА гигант астероидге зонд жөнөтүүнү карап жатат

Миссия жактырылса, иликтөө 2022-жылдын августунда башталышы мүмкүн. Станция астероидге болжол менен бир жылдан кийин жете алат.

Афинанын бортундагы аппаратура Палластын елчемдерун тактоого, ошондой эле бул космос объектисинин бетин толук суротко тартып алууга мумкундук берет. Иликтөөнүн баасы 50 миллион АКШ долларын түзөт. 




Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу