Кытай өзүнүн кийинки эки Smart Dragon космос ракетасын 2020 жана 2021-жылдары коммерциялык максатта сынайт. Бул тууралуу жекшемби күнү расмий Синьхуа маалымат агенттиги билдирди. Спутниктерди жайгаштыруу боюнча күтүлүп жаткан бум ылдамдап бараткандыктан, өлкө бул жааттагы аракеттерин күчөтүүдө.
China Rocket (China Aerospace Science and Technology мамлекеттик корпорациясынын бөлүмү) бул тууралуу өзүнүн биринчи көп жолу колдонулуучу ракетасы 23 тонналык Smart Dragon-1 учурулгандан эки ай өткөндөн кийин жарыялады.
Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, катуу отун менен иштеген Smart Dragon-2 салмагы 60 тоннага жакын жана жалпы узундугу 21 метр, 500 км бийиктиктеги орбитага 500 кг жакын пайдалуу жүктү жеткирүүгө жөндөмдүү. Бул ракетанын сыноо учуру келерки жылы болору күтүлүүдө. Ошол эле учурда Smart Dragon-3 2021-жылы сыноо учуусуна чыгат – бул ракеталык аппараттын салмагы болжол менен 116 тонна, узундугу 31 метрге жетет жана орбитага 1,5 тоннага жакын пайдалуу жүктү жөнөтө алат.
Июль айында Пекинде жайгашкан iSpace өзүнүн ракетасы менен орбитага спутник учурган биринчи жеке кытай фирмасы болуп калды. Өткөн жылдын аягынан бери дагы эки кытайлык стартап компаниясы спутник учурууга аракет кылып, бирок ишке ашкан жок.
Source: 3dnews.ru