Польша Huawei 5G жабдууларынан баш тартуу чечимин өзгөрттү

Польша өкмөтү кийинки муундагы уюлдук тармактарда Huawei жабдууларын колдонуудан толук баш тартышы күмөн, анткени бул уюлдук операторлор үчүн чыгымдардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттигине администрация жана санариптик өнүктүрүү министринин киберкоопсуздук маселелери боюнча жооптуу орун басары Карол Оконски билдирди.

Польша Huawei 5G жабдууларынан баш тартуу чечимин өзгөрттү

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Польшанын расмий өкүлдөрү Reuters агенттигине Huawei компаниясынын кызматкери жана Польшанын мурдагы коопсуздук кызматкери шпиондукка айыпталып кармалгандан кийин, өкмөт Кытайдын Huawei компаниясын 5G түйүндөрү үчүн жабдууларды жеткирүүчү катары чыгарууга даяр экенин билдиришкен.

Оконски Варшава коопсуздук стандарттарын жогорулатууну жана бешинчи муундагы тармактарга чектөөлөрдү коюуну карап жатканын жана жакынкы апталарда чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин айтты.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу