Тармак булактары кабарлагандай, кытайлык Xiaomi компаниясы тарабынан түзүлгөн Redmi бренди үйдө колдонуу үчүн жаңы роутерди сунуштаганы жатат.
Аппарат AX1800 код аты астында пайда болот. Кеп Wi-Fi 6 же 802.11ax роутерин даярдоо жөнүндө болуп жатат. Бул стандарт 802.11ac Wave-2 стандартына салыштырмалуу зымсыз тармактын теориялык өткөрүү жөндөмдүүлүгүн эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы Redmi продуктусу тууралуу маалымат Кытайдын 3C сертификациялык веб-сайтында жарыяланган (Кытайдын милдеттүү сертификаты). Бул роутердин расмий презентациясына аз калды дегенди билдирет.
Белгилей кетсек, Wi-Fi 6 роутер - AX3600 аппараты - жакында эле
Redmi AX1800 роутеринин техникалык мүнөздөмөлөрү азырынча ачыктала элек. Бирок жаңы продукт болжол менен 3600 доллар турган Xiaomi AX90 моделинен арзаныраак болору белгиленген.
Source: 3dnews.ru