Reuters: Батыштын чалгын кызматтары колдонуучулардын аккаунттарын аңдыш үчүн Яндексти бузушкан

Reuters агенттиги Батыштын атайын кызматтарында иштеген хакерлер 2018-жылдын аягында россиялык Yandex издөө системасын бузуп, колдонуучулардын аккаунттарын аңдоо үчүн сейрек кездешүүчү кесепеттүү программанын түрүн киргизгенин кабарлады.

Отчетто кол салуу Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиядан тышкары Австралия, Жаңы Зеландия жана Канада кирген «Беш көз» альянсы колдонгон Regin зыяндуу программасы аркылуу жасалганы айтылат. Аталган өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Reuters: Батыштын чалгын кызматтары колдонуучулардын аккаунттарын аңдыш үчүн Яндексти бузушкан

Белгилей кетсек, Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга жасаган кибер чабуулдары чанда гана таанылып, коомчулукта талкууланбайт. Басылманын булагы Яндекске чабуулдун артында кайсы өлкө турганын аныктоо бир топ кыйын экенин билдирди. Анын айтымында, зыяндуу кодду киргизүү 2018-жылдын октябрынан ноябрь айына чейин жүргүзүлгөн.

Яндекс өкүлдөрү көрсөтүлгөн мөөнөттө издөө системасы чындап эле чабуулга кабылганын мойнуна алышты. Бирок, Яндекс коопсуздук кызматы шектүү аракеттерди алгачкы этапта аныктай алганы, бул хакерлер кандайдыр бир зыян келтире электе коркунучту толугу менен нейтралдаштырууга мүмкүндүк бергени белгиленди. Кол салуудан улам эч кандай колдонуучунун маалыматы бузулбаганы белгиленди.

Хакердик чабуул тууралуу кабарлаган Reuters булагынын айтымында, чабуулчулар Яндекс колдонуучулардын аныктыгын кантип текшерерин түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык маалыматты алууга аракет кылышкан. Мындай маалыматтар менен атайын кызматтар Яндекс колдонуучуларынын кейпин кийип, алардын электрондук почталарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.

Эске салсак, Regin зыяндуу программасы "Беш көз" альянсынын куралы катары 2014-жылы Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин (NSA) мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден бул тууралуу биринчи жолу ачык айткан кезде аныкталган.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу