Роскосмос НАСАнын астронавттарын Эл аралык космос станциясына жеткирүү баасын көтөрдү

Роскосмос НАСАнын космонавттарын Эл аралык космос станциясына (МКС) "Союз" кемеси менен жеткирүү баасын жогорулатты, деп билдирет РИА Новости НАСАнын коммерциялык башкаруучу учуу программасы боюнча АКШнын эсеп кеңсесинин отчетуна таянуу менен.

Роскосмос НАСАнын астронавттарын Эл аралык космос станциясына жеткирүү баасын көтөрдү

Документте 2015-жылы Роскосмос менен келишимге ылайык, америкалык космос агенттиги Союздагы бир орун үчүн 82 миллион долларга жакын акча төлөгөн деп айтылат. Коммерциялык адам башкарган учуу программасынын өкүлдөрү МКСга астронавтты жөнөтүүгө кеткен чыгым инфляциядан улам 5% жогорулаганын белгилешти. Бирок конкреттүү сумма айтылган жок.

2011-жылы көп жолу колдонула турган Space Shuttle системасы эксплуатациядан чыгарылгандан бери НАСАнын астронавттары МКСга жалаң орусиялык "Союз" космос кемелери аркылуу ташылып келген.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу