Орусия астероидге башкарылган космос кемесин кондурууну пландоодо

"Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Рогозин РИА Новостиге берген маегинде астероидге башкарылган космостук кемени жөнөтүү пландары тууралуу айтып берди.

Орусия астероидге башкарылган космос кемесин кондурууну пландоодо

Анын айтымында, россиялык адистер астероиддин бетине астронавттары бар унааны кондуруу технологиясын иштеп чыга башташты. Мындай долбоорду ишке ашыруу, албетте, бир катар олуттуу кыйынчылыктар менен коштолот.

«Кыйынчылык астероидди кантип кармап калууда. Ошого карабастан бул милдет инженерлерибизге тушунуктуу, ишканалар мындай иштерди ез демилгелери менен жургузе башташат. Биз муну кантип ишке ашырууну билебиз”, - деп белгиледи Рогозин мырза.

Технологияны иштеп чыгуу он жылга жакын убакытты алат деп күтүлүүдө. Башкача айтканда, система 2030-жылга чейин түзүлүшү мүмкүн.


Орусия астероидге башкарылган космос кемесин кондурууну пландоодо

Роскосмостун башчысы ошондой эле Орусия жерди астероид-комета коркунучунан коргоо долбоорун ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады. Ырас, Дмитрий Рогозин бул демилгенин чоо-жайын айткан жок.

Акырында, Роскосмос Айга автоматтык космостук аппараттарды жыл сайын учурууну күтөөрү белгиленди. Бул бизге Айдын бетине конуу менен байланышкан бардык технологияларды сынап көрүүгө жана биздин планетанын табигый спутнигине келечектеги адам башкарган учуу үчүн коопсуздук кепилдиктерин алууга мүмкүндүк берет. 

Source:



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу