Samsung келечектеги смартфондордо манжа изинин ультраүн сканеринен баш тартышы мүмкүн

Samsung компаниясы коопсуздукка байланыштуу келечектеги смартфондордо манжа изинин ультра үн сканерин колдонуудан баш тартышы мүмкүн, деп жазат The Korea Times.

Samsung келечектеги смартфондордо манжа изинин ультраүн сканеринен баш тартышы мүмкүн

Samsung биринчи жолу Qualcomm компаниясынын 3D ультра үндүү манжа изинин сканерин өзүнүн флагмандык Galaxy S10 жана Note 10 смартфондорунда колдонгон, ал башка сканерлерге караганда ылдамыраак, коопсуз жана ишенимдүү деп айтылган. Бирок, иш жүзүндө андай эмес болуп чыкты, анткени Galaxy S10 жана Note 10 сериясындагы смартфондор манжа изинин сканеринин жай иштөөсүнөн улам бир нече жолу сынга алынган.

Мындан тышкары, смартфондордун манжа изин таануу системасында олуттуу кемчилик табылган, ошондуктан бир катар өлкөлөрдүн банктары мобилдик тиркемелерди жана бул смартфондор үчүн Samsung Pay төлөм кызматын колдоону убактылуу өчүрүшкөн. 



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу