Xiaomi Redmi K30 смартфону 5G тармактарында иштей алат

Кытайдын Xiaomi компаниясы жакынкы айларда чыга турган Redmi K30 смартфону тууралуу маалыматты ачыктады.

Redmi брендинин башкы директору Лу Вэйбин жаңы продукцияны даярдоо тууралуу айтып берди. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө популярдуу болгон Redmi брендин дал Xiaomi жараткан.

Xiaomi Redmi K30 смартфону 5G тармактарында иштей алат

Белгилүү болгондой, Redmi K30 смартфону бешинчи муундагы 5G мобилдик тармактарында иштей алат. Ошол эле учурда автономдуу эмес (NSA) жана автономдуу (SA) архитектуралары менен технологияларды колдоо айтылган. Ошентип, аппарат ар кандай операторлордун 5G тармактарында иштей алат.

Берилген сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, Redmi K30 смартфону кош алдыңкы камера менен жабдылган. Ал экрандагы сүйрү тешикте жайгашкан.

Жаңы буюмдун башка мүнөздөмөлөрү, тилекке каршы, ачыкталган эмес.

Xiaomi Redmi K30 смартфону 5G тармактарында иштей алат

Ушактарга караганда, аппарат бешинчи муундагы мобилдик байланыштарды колдоону камсыздай турган Qualcomm 7250 процессорун алышы мүмкүн.

Redmi K30 баасы 500 АКШ долларынан кем эмес болушу мүмкүн. 



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу