АКШ Huaweiге жаңы чектөөлөрдү даярдап жатат

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу кызматкерлери кытайлык Huawei Technologies компаниясына чиптердин глобалдуу жеткирилишин чектөөгө багытталган жаңы чараларды даярдап жатышат. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги маалымат булагына таянып билдирди.

АКШ Huaweiге жаңы чектөөлөрдү даярдап жатат

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, чиптерди өндүрүү үчүн америкалык жабдууларды колдонгон чет элдик компаниялар АКШнын лицензиясын алышы керек, ага ылайык, Huawei компаниясына продукциянын айрым түрлөрүн жеткирүүгө уруксат берилет же берилбейт.

Дүйнө жүзү боюнча колдонулган чип жасоочу жабдуулардын көбү америкалык технологияга негизделгендиктен, жаңы чектөөлөр жарым өткөргүчтөрдүн экспортун көзөмөлдөө боюнча АКШнын ыйгарым укуктарын кыйла кеңейтет, бул соода эксперттеринин айтымында, көптөгөн америкалык союздаштардын кыжырын келтирет.

Маалыматта мындай чечим АКШнын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен түрдүү мекемелердин өкүлдөрүнүн бүгүн болуп өткөн расмий жолугушуусунда кабыл алынганы айтылат. Ал АКШдан чыккан технологияга же программалык камсыздоого негизделген айрым чет элдик өнүмдөрдү АКШнын эрежелерине баш ийдирмек.

АКШ президенти бул сунушту жактырабы же жокпу азырынча белгисиз, анткени өткөн айда ал мындай чараларга каршы чыккан. Мындай чечимдерди кабыл алууда маанилүү роль ойногон АКШнын Соода министрлигинин өкүлдөрү бул маселе боюнча комментарий бере элек.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу