Твиттер Ирандын өкмөтүнө байланышы бар 4800гө жакын аккаунтту жаап салды

Интернет булактары Твиттердин администраторлору Иран өкмөтү тарабынан башкарылган же алар менен байланышы бар деп эсептелген 4800дөй аккаунтту жаап салганын кабарлашты. Жакында Twitter платформанын ичинде фейк жаңылыктардын жайылышына каршы кандай күрөшүп жаткандыгы, ошондой эле эрежелерди бузган колдонуучуларды кантип бөгөттөп жаткандыгы тууралуу кеңири отчетун жарыялады.

Твиттер Ирандын өкмөтүнө байланышы бар 4800гө жакын аккаунтту жаап салды

Ирандык аккаунттардан тышкары Твиттердин администраторлору Орусиянын Интернет изилдөө агенттигине (IRA) шилтемеси бар деп шектелген төрт аккаунтту, Испаниядан көз карандысыздык үчүн каталондук кыймыл менен байланышкан 130 фейк аккаунтту жана Венесуэладан келген коммерциялык ишканаларга тиешелүү 33 аккаунтту жаап салышты.

Ал эми ирандык эсептерге келсек, алардын ишмердүүлүгүнүн түрүнө жараша үч категорияга бөлүндү. 1600дөн ашуун аккаунт Ирандын учурдагы өкмөтүн колдоо үчүн глобалдык жаңылыктарды твиттерде жаздыруу үчүн колдонулган. 2800дөн ашуун аккаунттар Ирандагы саясий жана социалдык маселелерди талкуулоо жана аларга таасир этүү үчүн анонимдүү колдонуучулар тарабынан колдонулгандыктан жабылган. 250гө жакын аккаунттар Израилге байланыштуу маселелерди талкуулоо жана жаңылыктарды жарыялоо үчүн колдонулган.

Белгилей кетсек, Твиттер Иран, Орусия жана башка өлкөлөрдүн шайлоого кийлигишкени үчүн шектелген аккаунттарды такай жаап турат. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында платформа Иран менен байланышы бар 2600 аккаунтту, ошондой эле Орусиянын Интернет изилдөө агенттиги менен байланышкан 418 аккаунтту жаап салган.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу