LetsGoDigital ресурсу өзгөчө дизайндагы смартфон үчүн Samsung патенттик документтерин тапты: кеп бир нече дисплейлери бар түзүлүш жөнүндө болуп жатат.
Белгилүү болгондой, патентке өтүнмө Кореянын Интеллектуалдык менчик башкармалыгына (КИПО) бир жылдай мурун – 2018-жылдын август айында жөнөтүлгөн.
Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Samsung смартфонду эки жашыруун дисплей менен жабдууну сунуштайт. Алар негизги экрандын артына жашынышат.
Аппараттын корпусунун төмөнкү бөлүгү тегерек формага ээ. Бул жерде солго жана оңго бүктөлүүчү эки кошумча экранды орнотуу каралган (сүрөттөрдү караңыз).
Бирок бул дисплейлер кандай функцияларды аткара турганы азырынча так эмес. Байкоочулардын айтымында, бул долбоордун иш жүзүнө ашуусу күмөн жаратат.
Кошумчалай кетсек, эки жашыруун экранды колдонуу сөзсүз түрдө смартфондун корпусунун калыңдыгынын көбөйүшүнө алып келет.
Кандай болбосун, Samsung адаттан тыш түзмөктү гана патенттеп жатат. Компаниянын мындай аппаратты коммерциялык рынокко алып чыгуу планы тууралуу маалымат жок.
Source: 3dnews.ru