Швейцариянын Базель шаарында Tesla электропатрулдук унааларынын паркы жайгаштырылууда.

Tesla Model X электромобилдеринин паркы Швейцарияда полициянын патрулдук унааларына айландырылды. Сөз болуп жаткан унаанын баасы 100 миң доллар экенин эске алганда, мындай ыкма таң калыштуу болушу мүмкүн.Бирок Швейцариянын полициясы электромобилдерди сатып алуу акыр аягында акчаны үнөмдөйт деп ишенет.

Швейцариянын Базель шаарында Tesla электропатрулдук унааларынын паркы жайгаштырылууда.

Полиция кызматкерлери Model X электромобилдеринин ар бири мурда колдонулган дизелдик унаалардан болжол менен 49 000 франкка кымбат экенин айтышууда. Бирок, узак мөөнөттүү келечекте, электр унааларын колдонуу, эксплуатациялык жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдардын кыйла азайышынан улам пайдалуу болот.

Кийинчерээк полиция унааларына айландырылган Tesla электромобилдери Швейцарияга былтыр декабрда келе баштаган. Бир нече ай бою полиция Tesla унааларында маалымат сактагычтын коопсуздугу жетиштүү деңгээлде эмес деп чочулап, электр унааларын колдоно баштаган эмес. Бул көйгөй Model X полиция унааларынын паркы Базель боюнча жайыла баштагандан кийин чечилди. Учурда үч электропатрулдук унаа колдонууда жана алардын саны бара-бара көбөйөт.

Тесла унаалары дүйнө жүзү боюнча полиция бөлүмдөрүнүн арасында популярдуулукка ээ болууда. Кыязы, укук коргоо кызматкерлери өз иштеринде электромобилдерди колдонуунун келечегин көрүп, аларды мүмкүн болушунча үнөмдүү пайдаланууга аракет кылып жатышкандыр.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу