Vivo компаниясынан iQOO оюн смартфону болгон
Эми өндүрүүчү iQOO аппаратынын дагы бир версиясын чыгарууну көздөп жатканы белгилүү болду. Кеп Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгы менен биргеликте түзүлгөн iQOO Space Knight Limited Edition смартфону жөнүндө болуп жатат. Аппарат кооз футуристтик коробкага салынган. Смартфондон тышкары пакетте Шэньчжоу космостук кемесинин оюп түшүрүлгөн металл пластинасынан турган кичинекей куту бар.
iQOO Space Knight Limited Edition канча нускада чыгарылары жана анын баасы канча болору азырынча белгисиз. Сыягы, аппараттын чекене баасы стандарттуу модели үчүн суралып жаткан 620 доллардан жогору болот.
Эске сала кетсек, сөз болуп жаткан аппарат AMOLED технологиясы менен жасалган 6,41 дюймдук дисплейге ээ. Аппараттын өзгөчөлүктөрүнүн бири – экрандын аймагында жайгашкан манжа изинин сканеринин болушу. Гаджеттин "жүрөгү" күчтүү Qualcomm Snapdragon 855 чипи болуп саналат, ал 12 ГБ оперативдүү жана 256 ГБ сактагыч диск менен толукталган. Дагы бир өзгөчөлүгү - суюк муздатуу системасынын болушу. Автономдуу иштөө 4000 мАч батарейка менен камсыздалган жана тез кубаттоо үчүн колдоо көрсөтөт.
Source: 3dnews.ru