Xiaomi жаңы Poco смартфонун 120 Гц жаңыртуу ылдамдыгы бар экран менен жабдыйт

Интернет булактарында Poco бренди менен чыга турган жаңы Xiaomi смартфону тууралуу расмий эмес маалыматтар жарыяланды. Бешинчи муундагы мобилдик тармактарды (5G) колдогон аппарат чыгарууга даярдалып жатканы айтылууда.

Xiaomi жаңы Poco смартфонун 120 Гц жаңыртуу ылдамдыгы бар экран менен жабдыйт

Эске салсак, Poco брендин Xiaomi Индияда мындан туура эки жыл мурун – 2018-жылдын август айында киргизген. Дүйнөлүк рынокто бул бренд Pocophone катары белгилүү.

Маалым болгондой, жаңы Poco смартфону 120 Гц жаңыртуу ылдамдыгы менен жогорку сапаттагы AMOLED дисплейге ээ болот. Жабдуу 64 мегапикселдүү негизги сенсору бар көп модулдуу камераны камтыйт.

Xiaomi жаңы Poco смартфонун 120 Гц жаңыртуу ылдамдыгы бар экран менен жабдыйт

"Жүрөк" Qualcomm Snapdragon 765G процессору болот. Чипте сегиз Kryo 475 өзөгү 2,4 ГГцке чейин, Adreno 620 графикалык акселератор жана бешинчи муундагы уюлдук тармактарды колдоону камсыз кылган X52 5G модем бар.

Акыр-аягы, 33 ватттык тез кубаттоочу батарея бар деп айтылат.

Жаңы продукциянын расмий бет ачары үстүбүздөгү кварталда болору күтүлүүдө. Смартфон орто класстагы OnePlus Nord моделине атаандаш боло алат. 

Source:



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу