Xiaomi телефону тешик экраны жана үч камералуу болушу мүмкүн
LetsGoDigital ресурсунун маалыматы боюнча, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) сайтында жаңы дизайндагы Xiaomi смартфону тууралуу маалымат пайда болгон. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, кытайлык компания «тешик» экраны бар аппаратты иштеп чыгууда. Бул учурда, алдыңкы камера үчүн тешиктин дизайнынын үч варианты бар: ал сол жакта, борбордо же оңдо жогору жагында [...]