Blizzard компаниясынын негиздөөчүсү Фрэнк Пирс компаниядан кетти
Blizzard студиясынын негиздөөчүсү Фрэнк Пирс кызматтан кетти. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат. Ал Blizzard компаниясында 28 жыл иштеген. Пирс келечектеги пландары тууралуу айткан жок, бирок жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, музыкалык аспапта ойноону үйрөнгүсү келерин белгиледи. «Менин Blizzard коомчулугунун бир бөлүгү катары сапарым 28 жыл мурун башталган. […]