Япониянын алдыңкы өндүрүүчүсү Вашингтондун кытайлык фирмаларга каршы чараларын колдойт
Чип чыгаруучу жабдууларды жеткирүүчүлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунда турган жапониялык Tokyo Electron технологиялык компаниясы АКШ тарабынан кара тизмеге кирген кытай фирмалары менен кызматташпайт. Бул тууралуу Reuters агенттигине атын атагысы келбеген компаниянын топ-менеджерлеринин бири билдирди. Чечим Вашингтондун кытай фирмаларына, анын ичинде Huawei Technologies компаниясына технологияны сатууга тыюу салуу чакырыктары өз тарапкерлерин тапканын көрсөтүп турат [...]