Алты өлкөнүн борбордук банктарынын өкүлдөрү санариптик валюта рыногуна арналган жыйын өткөрөт

Интернет булактарынын маалыматына караганда, санариптик валюталар тармагында биргелешкен изилдөө жүргүзүп жаткан алты өлкөнүн борбордук банктарынын жетекчилери үстүбүздөгү жылдын апрель айында Вашингтондо боло турган жолугушууну өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышат.

Алты өлкөнүн борбордук банктарынын өкүлдөрү санариптик валюта рыногуна арналган жыйын өткөрөт

Сүйлөшүүлөргө Европанын Борбордук банкынын жетекчисинен тышкары Улуу Британиянын, Япониянын, Канаданын, Швециянын жана Швейцариянын борбордук банктарынын жетекчилери катышат. Япония банкынын өкүлү жолугушуунун так датасы азырынча аныктала электигин билдирди. Ал ошондой эле борбордук банктар акча эмитенттери катары актуалдуу бойдон калуу үчүн тез санариптештирүүгө ийкемдүү жооп бериши керектигин белгиледи.

Мурда аталган өлкөлөрдүн борбордук банктарынын өкүлдөрү өткөн айда санариптик валюталарды ишке киргизүүгө байланышкан маселелер талкуулана турган жолугушуу өткөрүү ниетин билдиришкен. Мындан тышкары, жолугушууда чек арадагы эсептешүүлөрдү оптималдаштыруу жолдорун жана келечекте Борбордук банктар санариптик валюталарды чыгара турган болсо, чечилиши керек болгон коопсуздук маселелерин кароо пландалууда. Үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин жыйындын жыйынтыгы боюнча аралык отчет даярдалып, анын акыркы варианты күзгө чейин чыгаары күтүлүүдө.

Дүйнө жүзүндөгү борбордук банктар өздөрүнүн санариптик валюталарын ишке киргизүүнү караштырып жатышат. Негизги борбордук банктардын ичинен Кытай санариптик валютасын иштеп чыгууда алдыңкы орунду ээледи, бирок долбоор тууралуу көп маалымат жок. Япониянын борбордук банкы бул жаатта Европанын Борбордук банкы менен изилдөө долбоорун ишке ашырды, бирок жакынкы келечекте өзүнүн санариптик валютасын чыгаруу планы жок экенин билдирди.



Source: 3dnews.ru

Комментарий кошуу