Яндекс.Карталар компанияларга буйрутма жеткирүүнү оптималдаштырууга жардам берет
Яндекс.Карталардын веб-версиясында эми “Чакан бизнес үчүн маршруттар” инструменти камтылган: ал чакан жеткирүү компанияларына маршруттарды оптималдаштырууга, демек, чыгымдарды азайтууга жардам берет. Система Yandex.Routing логистикалык платформасына негизделген. Ал бир эле учурда көп сандагы унаалардын жана жөө курьерлердин маршруттарын пландай алат, ошондой эле буйрутмалардын аткарылышын көзөмөлдөй алат. "Yandex.Routing" ар кандай параметрлердин көп санын эске алат. […]