Кытайдын Xiaomi компаниясы 1-апрелде ири презентация болорун көрсөткөн тизер сүрөтүн жарыялады.

Иш-чаранын алкагында эки ондогон жаңы продукциялар дебют болоору кабарланды. Анын үстүнө, кеп электрондук аппараттар да, IT рыногуна тиешеси жок товарлар жөнүндө да болуп жатат.
Тактап айтканда, сүрөттө көрүнүп тургандай, жаңы портативдик компьютер Mi Notebook, виртуалдык реалдуулук каскасы, рация, резервдик батарея ж.б.у.с.
Кошумчалай кетсек, тизерден таразаны, термометрди, спорттук жабдууларды, сааттарды, көз айнектерди жана жада калса чемодандарды да көрүүгө болот.

Бирок, мындай ири жарыя күмөндүү көрүнөрүн белгилей кетүү керек. Көрсөтүлгөн дата – 1-апрель – бул жөн эле тамаша экенинен кабар берет.
Бирок, Xiaomi дагы эле кийинки айдын биринчи күнүндө презентация өткөрүшү мүмкүн. Биз кытайлык компания чындап эле кызыктуу жаңы өнүмдөрдү тартуулайт деп үмүттөнөбүз.
Source: 3dnews.ru
